Аянтчанын эрежелери
Биз чынчыл жарыялар үчүнбүз: чыныгы сүрөт, чыныгы баа, чыныгы сатуучу.
Тыюу салынат
- курал, баңгизат, рецепт менен берилүүчү дары-дармек, жасалма документтер, «справкасыз кредиттер»;
- жолугушууга чейин алдын ала төлөм жана шилтеме аркылуу төлөм;
- бөтөн сүрөттөр, чындыкка коошпогон баа, бир эле жарыяны бир нече жолу жайгаштыруу;
- тексттеги телефон номерлери жана шилтемелер — байланыш үчүн чат бар;
- кат алышуудагы кордоо жана спам.
Эреже бузганда эмне болот
Жарыя себеби түшүндүрүлүп четке кагылат. Алдамчылык жана кайталанган бузуулар үчүн аккаунт бөгөттөлөт — убактылуу же биротоло.